Мы в соцсетях:
  • Выберите язык:
  • KG
  • EN
  • RU

Немономиф, 1, 2018

26 сентября, 2018 г.

Содержание/Мазмуну

Зарина Урманбетова

Cөз

Сергей Абашин,

Интервью

Элери Битикчи

Манас или Ленин: ограничения памяти

Жаркынай Куват

Из архаико-эпического, гендерно-выдержанного и монуметально-патетического.

Марлен Ларуэлль

Интервью

Зарема Касендеева

Рецензия к фильму Т. Бирназарова «Кош келиңиз, Президент мырза!».

Алексей Юсупов

Интервью

Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви

Архивдик документ

Сөз

Эсимде долбоору башталып атканда өтмүштү, тагыраак айтканда “өз” өтмүшүбүздү кандай изилдөө, талкуулоо, түшүнүү жана ошол өтмүшүбүз тууралуу кандай сөз кылуу керектигинин үстүндө ой жүгүрттүк. Ошондо өз иштерибизде/изидөөлөрүбүздө негизги бир канча принципти карманууга сөз берген элек. Алар:

  • Өз тарыхыбызды, өтмүшүбүздү Өз көзүбүз менен кароо/көрүү
  • Кара-ак деп бөлбөстөн комплекстүү түрдө, баардык тармактан кароо
  • Ар түрдүүлүккө (көз караш, турум) ачык болуу

Жогоруда жазылгандар аркылуу өзүбүз кадимки эле идеологиялар, саясаттар, маданияттар, анын ичинде ыкмалар (пропаганда, дискурс ж.б.) сыяктуу эле конструкттардан турган чектерди жаратып алсак керек. Бирок эс тутум болобу, тарыхпы, коомдогу гендер, дин, этнос, деги эле баардык нерсе релятивдүү (салыштырмалуу) болуп, кайрадан эле конструкттардан турганын эске алганда журналыбыздын аты жана заты/маани/маңызы кайсы бир деңгээлде долбоордун катышуучуларынын атын, затын дагы чагылдырганга аракет деп айтсак болот. НЕМОНОМИФ — бул дисциплиналар аралык, деколониалдык аракетке таянган, Орто Азия чөлкөмүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана байкоолор, ар кандай көз карашты камтыган журнал катары ойлонуштурулган демилге табиятында. Тематикасы боюнча ар кандай багыттагы изилдөөлөрдү жана Орто Азия маданияты жана коомдорунда болуп аткан ар тармактагы паттерндердин комплекстүүлүгүн, өзгөчөлүгүн чагылдырмакчы.

Идеалдуу түрдө бул демилгени көтөрүп жаткандагы баштапкы ой Орто Азия калктарынын тилинде жана бир канча чет тилде, мисалы Орус жана Англис тилдериндеги иштерден турган, академиялык журнал катары көргөм. Кийинчерээк, талкуулардан соң кызыккан ар бир киши окуй ала тургандай, академиялык оор тил менен эмес, жалпак тилде болсун деген ойлордон улам самиздат форматында, ар кайсы стилдеги жана Орус жана Кыргыз тилиндеги материалдарды сунуштайбыз.

Бул санды Эсимде долбоорунун темасына эс тутумга арнадык. Өз өтмүшүбүзгө кылчайып карап, расмий тарыхта чагылдырылбай калган окуялар, инсандар, айтылбай калган кеп-сөздөрдү изилдөө, аңдап-түшүнүү. Жана эң башкысы бир теманын, инсандын, тарыхтын, калктын/коомдун тегерегинде бир эле эмес, ар кандай, бирден көп мифтер/чындыктар болушу мүмкүн экенине көңүл бургубуз келди.

Ушул демилгемди колдогон Эльмира Ногойбаева жана Айдай Алгожоевага, журналдын атын ойлоп тапкан Айжаркын Кожобековага жана мукаба сүрөтүн түзүп берген Наталья Андриановага терең алкыш!

Журналды топтогон- антрополог, Эсимде долбоорунун катышуучусу Зарина Урманбетова.

Опубликовано в разделах: Библиотека, Журнал «Немономиф», Немономиф I